Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:05

Ысык-Көлдө спорт журналисттеринин мелдеши өтүп жатат


Спорт журналисттерине ыйгарыла турган байгелер. 1-июль, 2017-жыл.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия саламаттыкты чыңдоо комплексинде (ФОК) спорт журналисттеринин арасында республикалык мелдеш өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 30дан ашуун спорт темасын чагылдырган журналист катышып, спорттун төрт түрүнөн: кичи футбол, сууда сүзүү (50 м.), аркан тартыш жана кол күрөш боюнча таймашууда.

1-июлда башталган оюндар 3-июлга чейин уланат. Жеңүүчүлөр кубок, медалдар менен сыйланышат. Ошондой эле Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясы тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилет. Аталган федерация 22 жыл мурда түзүлгөн.

Бул мелдештер үч жылдан бери жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2-июлда белгиленген эл аралык спорт күнүнө карата өткөрүлүп келет.

Быйылкы мелдешти өткөрүүгө жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 527 миң сом бөлүнгөн. (ECh).

XS
SM
MD
LG