Бул тууралуу парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Бишкекте өтүп жаткан аны президенттикке көрсөтүү боюнча элдик курултайда билдирди. Бабанов анда сүйлөгөн сөзүндө президенттик жарышка өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышарын, 15-октябрда шайлоонун жыйынтыгын эл чечүүгө тийиштигин кошумчалады.
Анын айтымында, шайлоодо жеңип келсе, алты жыл ичинде Кыргызстанды эң ылдам өнүгүп келе жаткан он мамлекеттин катарына кошо алат. Аны ишке ашырууга командасы, планы бар экенин, болгону үч нерседен: таза шайлоо, туруктуулук, талыкпаган эмгектен өтүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле маалда саясий жарыштагы атаандаштыкта президент Алмазбек Атамбаевдин ролу чоңдугуна токтолуп, мамлекет башчы таза шайлоо өткөрүү тууралуу убадасына турат деп ишенем деди.
Мындан тышкары башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү керектигин айтты:
- 2020-жылы Конституцияны өзгөртүп, парламенттик система же президенттик системага өтүүнү аныкташыбыз керек. Президенттик же премьерлик кызматтын бирин жоюу абзел, - деген Бабанов шайлоодо "Алга карай жол" деген программа менен чыгарын жарыялады.
Жыйын Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат. Бабановдун эмне себептен элдик курултай аркылуу президенттикке көрсөтүлөрү азырынча айтыла элек.(BkA/NT)