Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

ИИМ балдар органга уурдалып жатат деген маалыматтарды четке какты


Ички иштер министрлиги Кыргызстанда балдарды органга уурдоо фактылары катталып жатат деген кабарларды четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, соңку кезде интернетте балдарды уурдагандар көбөйүп кеткени тууралуу жалган билдирүүлөр тарап жатат.

Милиция социалдык түйүндөрдө чыккан маалыматтарды иликтеп, Чүй облусунун Кара-Балта жана Токмок шаарларында бала уурдоо аракети болбогонун аныктаган. Мындай арыз менен эч ким кайрылган эмес.

Буга чейин интернетте быйыл июнда Кара-Балта шаарынын жашоочусунун небересин уурдоо аракети болгону тууралуу маалымат тараган. Анда аты-жөнүн атабаган аял өлкөдө органдарын алуу үчүн балдарды уурдагандар чыкканын, небересин уурдоо аракети болгонун айтып элге кайрылган, маалыматты бөлүшүүгө чакырган. Милиция бул аялдын ысымы такталганын, анын жазгандары чындыкка коошпой турганын билдирди. Аял учурда Орусияда экени, небереси менен көптөн бери көрүшө электиги белгилүү болду. Милиция уурдоо аракетине кабылды деген баланын өзү, анын коңшулары менен сүйлөшкөн, бирок аны уурдоого ниеттенди деген белгисиз адам тууралуу эч ким айтып берген эмес. Баланын ата-энеси интернетте тараган маалыматтан кабарсыз экенин айтышкан.

ИИМ 29-июнда Инстаграмда тараган "Токмокто кичинекей кызды балмуздак алып берем деп алдап, уурдоого аракеттенген педофил кармалды, анын баштыгынан оюнчук тапанча табылды" деген маалымат боюнча милицияга эч ким кайрылбаганын маалымдады. Милиция жарандарды такталбаган билдирүүлөрдү таратпоого чакырды. (NT)

XS
SM
MD
LG