Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Эгиз ымыркайдын бири жок деген арыз боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эгиз баланын бири жок деп нааразылык билдирген жарандын арызы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Балыкчы шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Абдымусаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши 29-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (адам уурдоо) боюнча ачылып, иликтөө иштери уланууда.

Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыев аялы эгиз төрөйт деп күтүп жүргөнүн, 6-июнда бир эле ымыркай жарыкка келгенин айтып, бирөөнү догдурлар алып коюшту деген шек менен укук коргоо органдарына кайрылган. Чыбыев жубайы Махабат Намазбекова Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарганга чейин сегиз жолу УЗИ аппаратына түшүп, анын баары курсактагы бала эгиз деп көрсөткөнүн айтууда. "Төрөт учурунда догдурлар киргизбей коюшкан, аялымдын жакындары эшикти ачып кирели дешсе ички коридордо үч чоочун аял бир ымыркайды көтөрүп турушкан экен. Дарыгерлер шашылыш түрдө эле эшикти жаап салышкан" деп кабарлаган.

Ал эми Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмү УЗИ жаңылыш көрсөтүп коюшу мүмкүн экенин, төрөгөн аял ал учурда баарын көрүп турганын билдирип жатат. (AsM/NT)

XS
SM
MD
LG