Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Лариса Исакеева 85 жашында көз жумду


Лариса Исакеева "Азаттык" радиосунун студиясында. Бишкек, 2013-жыл.
Лариса Исакеева "Азаттык" радиосунун студиясында. Бишкек, 2013-жыл.

Кыргыз мамлекетинин алгачкы өкмөт башчысы Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева 29-июнда 85 жашында көз жумду. Анын сөөгү 30-июнда Бишкекте жерге берилди.

Лариса Исакеева 1934-жылы Кыргызстанда туулган. Ал 1938-жылы улутчул атыгып, атылып кеткен мамлекеттик ишмер Баялы Исакеевдин жалгыз кызы.

Атасы атууга кеткенден кийин төрт жашынан тартып Казакстанда апасына, тайларына барып, Алматыдагы балдар үйүндө чоңойгон. Кийинчерээк музыкалык билим алып, Кыргызстанга 22 жашында келген. Лариса Исакеева 1970-1980-жылдары Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептин директору болуп иштеп, ондогон виолончелистерди окутуп тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында кенже уулу менен Бишкекте чогуу жашачу. (NT)

XS
SM
MD
LG