Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Комузчу Канат Наматбековдун эмнеден ууланганы белгисиз


Комузчу Канат Наматбековдун эмнеден ууланганы белгисиз. Анын өлүмүнүн себеби иликтене турганын Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыкбеков "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маркумдун жакындарынын маалыматына караганда, Наматбеков менен чогуу дагы бир теңтуш тууганы ууланган. Экөө ууланган күнү бирге болушкан, бирок эмне менен тамактанганы аныктала элек.

20 жаштагы таланттуу комузчу Канат Наматбеков 30-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы чоң атасынын үйүндө каза тапкан. Аны менен бирге жүргөн тууганы да уулануу белгилери менен ооруканага түшкөнүн жакындары кабарлашты. Ал эми райондук ооруканадан кечээ уулануудан бир бала жаткырылганын ырасташып, абалы дурус экенин билдиришти. Бирок анын Канат Наматбеков менен байланышы бар-жогун айтышкан жок.

Маркумдун сөөгү 2-июлда Ат-Башы районунда жерге берилет. Ал белгилүү ырчылар Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатованын тун уулу эле. Канат Наматбеков кичинекейинен комузда кол ойнотуп, бир катар эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG