Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

АКШ штаттары шайлоо боюнча маалыматтарды жарыялоодон баш тартты


Американын штаттарынын жарымы президент Дональд Трамптын жарлыгы менен түзүлгөн комиссияга шайлоо тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу америкалык The Hill басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, 50 штаттын 24ү шайлоочулардын аты-жөнүн, туулган жылын жана кайсы партияга мүчө экенин жарыялоого макул болгон эмес.

2016-жылдагы президенттик шайлоодо добуш берүү системасынын киберчабуулдардан корголушун иликтеген атайын комиссия Трамптын жарлыгы менен июндун этегинде түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрүнүн катышуусундагы талкуулар июлга белгиленген.

Буга чейин Washington Post гезити 2016-жылдын жай жана күз айларында хакерлердин чабуулу АКШнын 21 штатынын шайлоо системасына жасалганын, ал орусиялык хакерлердин колунан келгенин жазып чыккан.

Расмий Москва былтыркы президенттик шайлоодо америкалык структуралар менен жалпыга маалымдоо каражаттарына киберчабуул жасаган деп айтылгандарды четке кагып келе жатат.

XS
SM
MD
LG