Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Татарстан: автокырсыкта өлгөндөрдүн арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Орусиядагы жүргүнчүлөр автобусу кабылган жол кырсыктардын бири. (Архив).
Орусиядагы жүргүнчүлөр автобусу кабылган жол кырсыктардын бири. (Архив).

Орусиянын курамындагы Татарстан республикасында 2-июлга караган түнү болгон жол кырсыкта каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жарандары барбы-жокпу такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, элчилик Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Татарстандагы башкармалыгы менен байланышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыр тарткандардын арасында кыргызстандык жарандар катталган эмес.

Жол кырсыгы жекшембиге караган түнү Москва сааты боюнча 00:40 чамасында болгон. "Камаз" автоунаасы менен Самара-Ижевск багытындагы жүргүнчүлөр автобусу кагылышкан. Андан автобус оодарылып, өрттөнүп кеткен. Каза болгондор жана жаракат алгандардын баары автобустун жүргүнчүлөрү. Айдоочуну кошкондо жалпы 28 адам болгон, 13ү каза таап, 15и жаракат алган. Курмандыктардын экөө балдар. Жүк ташуучу машиненин айдоочусу аман-эсен. Татарстан полициясы жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду. Себептери иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG