Бул тууралуу Улуттар уюму билдирүүдө. Ирактын АКШ колдогон күчтөрү Мосулдун эски бөлүгүнүн улам бир районунун ээлеген шартта он миңдеген жайкын тургун ал жерден чыга албай, камалып турат. Аларга азык-түлүк жана суу тартыш болууда.
Ирак армиясындагы генералдардын бири Сами ал-Аридинин айтымында, өкмөттүк күчтөр Тигр дарыясынын жээгине бир нече жүз эле метр калышты.
АКШ баштаган коалициянын учактары “Ислам мамлекети” террордук тобунун бул жердеги согушкерлерине абадан 2-июлда да сокку урган. Согушкерлер учурда эл жашаган райондордун саналуусун гана көзөмөлдөп жатканы кабарланууда.
“Ислам мамлекети” тобунун экстремисттери Мосул шаарын 2014-жылдын июнунда басып алган эле. Ошол жылдын 29-июнунда топтун жолбашчысы Абу Бакр ал-Багдади Мосулдун эң башкы ал-Нури мечитинен туруп алар Ирак менен Сирияда ээлеген аймактарында “халифат” түзүшкөнүн жарыялаган.
Быйыл 29-июнь күнү болсо Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади ошол “халифаттын” күнү бүткөнүн жарыялады. (UE)