Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Катарга араб коңшулары берген мөөнөт аяктоодо


Катар менен алака-катышын үзгөн араб өлкөлөрү Дохага койгон талаптардын аткарыла баштоосу үчүн мерчемделген мөөнөт 3-июлда аяктайт. Катар бийликтери тизмедеги шарттарды өз убагында аткарбаганы үчүн коңшуларынын кандайдыр бир аскерий аракетинен коркпой турганын айтууда.

1-июлда Римде жүргөн Катардын тышкы иштер министри шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал-Таани ал талаптарды Катардын суверенитетин бузуу катары четке какты.

“Тизмедеги талаптар четке кагылат, кабыл алынбайт. Биз диалогго дилгирбиз, бирок жөндүү шарттар менен",- деди министр.

Ал-Тани Катар Түркиянын аскерий базасын жана “ал-Жазира” телеканалын жабуу тууралуу талаптарды аткарбай турганын кошумчалады.

Өткөн айдын башында Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Египет Катар менен бардык байланыштарын токтотуп, расмий Доханы исламчыл экстремисттерди жана Иранды колдоп жатат деп айыптаган. Катардын бийликтери болсо мындай дооматтарды четке кагышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG