Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Француздар Иран менен 4,8 млрд долларлык келишим түзөт


Ирандын деңиз жээгиндеги Түштүк Парс газ кени. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Ирандын деңиз жээгиндеги Түштүк Парс газ кени. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Франциядагы энергия гиганты “Тотал” компаниясынын Иран менен макулдашуусу бул өлкөгө каршы эл аралык санкциялар былтыр жумшартылгандан берки эң ири бизнес келишим болмокчу.

Ирандын Мунай министрлиги жарыялагандай, акчалай наркы 4,8 млрд долларлык келишимге 3-июлда кол коюлганы турат. Бул долбоордун алкагында Ирандын Түштүк Парс газ кени иштетилмекчи.

Баштапкы макулдашууга былтыр ноябрда кол коюлуп, “Тотал” компаниясы долбоордогу үлүштүн 50,1% алган.

Үлүштүн 30% Кытайдын улуттук мунай компаниясы ээлик кылса, Ирандын өзүнүн “Петропарс” компаниясына 19,9% үлүш тийди.

“Тотал” компаниясы 20 жылга эсептелген долбоордун биринчи баскычына эле бир миллиард доллар короткону турат. Ал мурда да Ирандын ири инвесторлорунун бири болчу.

Компания Иран базарынан 2012-жылы Франция Евробиримдиктин санкцияларына, анын ичинде мунай эмбаргосуна кошулгандан кийин кеткен.

Иранга каршы эл аралык санкциялардын жоюлушуна Тегеран талаштуу өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн ири алты державасы менен 2015-жылы түзгөн макулдашуу жол ачты. Бирок АКШ Иранга каршы өз санкцияларын кармап турат. (UE)

XS
SM
MD
LG