Сирия борборунда 2-июлда бомба салынган кеминде үч автоунаа жарылды.
Мамлекеттик телеканалдын кабарына караганда, коопсуздук күчтөрү шектүү унаалардын артынан түшүп, алардын экөөнү токтотуп, жардырууга жетишкен. Бирок үчүнчү айдоочу Дамасктын борбордук Тахрир аянтына кирип кетүүгө үлгүрүп, курчоого алынгандан кийин унаасын өзү жардырып жиберди.
Мамлекеттик телеканал ырастагандай, террорчулар Айт майрамынан кийинки алгачкы жумушчу күнү эл котологон жерлерди бутага алууну көздөшкөн.
Дамасктын эски бөлүгүндө, мечиттин жанындагы жардыруудан 18 адам өлгөнүн Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм билдирүүдө.
Дарыгерлер жаракат алгандардын саны 12ден 33кө чейин экенин маалымдашты.
Сирия өкмөтү бул маалыматтарды ырастай элек, жардыруу үчүн да азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчуларды Дамасктын чет жакасындагы акыркы таянычы - Айн -Терма районунан сүрүүгө аракеттенүүдө.
Дамасктын байыркы бөлүгүндө буга чейин быйыл март айында эки жардыруудан 74 киши мерт болгон.
2011-жылдын жазында өкмөткө каршы демонстрациялардын артынан тутанган көп багыттуу согушта Сирияда 320 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)