Бишкек-Торугарт жолунунун Боом капчыгайындагы кооптуу бөлүгүндө бүгүндөн тартып 10-июлга чейин атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, таш кулатуу иштери күн ачык убактарда саат 9.00дан кечки 17.00гө чейин болот. Мындай иш-аракет маалында жол убактылуу жабылат.
Трассада 20дан көп машине чогулуп калган кезде, таш кулатуу аракеттери убактылуу токтотулуп, автоунаалар өткөрүлүп турары кабарланды. (NT)