Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Орусия: Федералдык күзөт кызматынын укуктары кеңейди


Орусия президенти Владимир Путин Федералдык күзөт кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду. Документ 1-июлдан тарта күчүнө кирди. Ага ылайык, аталган мекеме өзгөчө кайтаруудагы адамдардын персоналдык маалыматтарын ачыкка чыгарбайт. Мамлекеттик чиновниктердин жашаган жери жана кайда барары тууралуу кабарлар да таратылбайт.

"Трансперенси-Интернешнл – Орусия" антикоррупциялык борборунун талдоочулары аталган мыйзам мамлекеттик жетекчилер тууралуу маалыматтардын жоголушуна алып келе турганын айтышууда.

Ал эми Мамлекеттик думанын депутаттары жаңы мыйзам мүлк жана киреше тууралуу маалыматтарды алууга жолтоо болбойт дешүүдө. Коопсуздук жана коорупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Василий Пискарев кол салуулардын алдын алуу үчүн аткаминерлердин жашаган жана бара турган жери тууралуу маалыматтар гана сыр сакталарын айтты.

Мындан тышкары Федералдык күзөт кызматына чиновниктер өткөн маалда жол кыймылын чектөө укугу берилди.

XS
SM
MD
LG