Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:17

Ош шаарындагы бюджеттик мекемелер менен муниципалдык ишканаларда 17 миллион сомдон ашык суммадагы каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынын маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин аймактык бөлүмү 2015-жылдын 1-июлунан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт боюнча аудит жүргүзүп, Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерген.

Натыйжада Ош шаарынын мэриясында, шаардын каржы башкармалыгында, казыналыктын аймактык бөлүмүндө, бюджеттик мекемелер менен муниципалдык ишканаларда 17 миллион 300 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Эсеп палатасынын белгилешинче, бул каражаттар негизсиз төлөнгөн айлык маяна, иш сапар, курулуш иштеринин баасын жогору көрсөтүү жана башка иштерге жумшалган.

Аудит учурунда 8,9 миллион сом кайра кайтарылды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG