Ноокен районунун Достук айыл аймагындагы Ынтымак айылында 2-июль күнү саат 15:00дөр чамасында Шамалды-Сай каналына сегиз жаштагы бала агып кеткен.
Кечээ издөө иштерине жергиликтүү тургундар, 2-издөө отрядынан 17 жана өрт-куткаруу бөлүмүнөн алты куткаруучу тартылып, табылган эмес.
Издөө иштери бүгүн 3-июль күнү да улантылып жатат.
Облус аймагында жыл башынан бери 13 адам сууга чөгүп каза болсо, үчөөнүн сөөгү табыла элек. (RsK)