Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:42

Коопсуздук кеңеши: «Кыргыз темир жолунда» 19 коррупциялык тобокелдик бар


Коопсуздук кеңеши «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында 4 коррупциялык зона жана 19 тобокелдик бар экенин аныктап чыкты.

Ишкана боюнча анализ жасалып, натыйжада, бюджетти түзүү жана аткарууда, мүлктү жана ресурстарды колдонууда, кадр саясатында жемкорлук бар деген жыйынтык чыгарылды.

Мындан тышкары курулуш иштеринин баасын жогору көрсөтүү, ижарага берүү, филиалдарга макамдын негизсиз ыйгарылышы сыяктуу маселелер да көтөрүлдү.

“Кыргыз темир жолу” – чарбалык эсептеги мамлекеттик ишкана. Ал чыгымдарынын бюджетин өз алдынча аныктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG