Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:29

Сот Нарын Айыпка каршы кезектеги арызды канааттандырды


Нарын Айып

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Zanoza.kg сайтынын журналисти Нарын Айып боюнча дагы бир доо арызын толук канааттандырды.

Жараянда Нарын Айыптын быйыл 1-мартта Zanoza.kg сайтына жарыялаган эки макаласы боюнча арызы каралды. Башкы прокурор макалада Атамбаевдин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирилген деген негизде сотко кайрылган.

Сот муну жүйөлүү деп таап, журналисттен 3 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды.

30-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Zanoza.kg сайты жана журналист Нарын Айып, экс-депутат Чолпон Жакуповага байланыштуу доо арызын толук канааттандырган. Сот аталган жарандар жана маалымат каражаты президенттин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди деп тапты. Алардын ар биринен 3 миллион сомдон доо өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Доого жыгылган тарап буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрыла турган болууда. (NT/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG