Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Жаңы паспорттогу "улут" графасына байланыштуу сотко арыз берилди


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

“Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюму паспорттогу "улут" графасына байланыштуу Жогорку Соттун Конституциялык палатасына бүгүн арыз берди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган уюм түзгөн Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди:

- Конституцияда ар бир жаран, ар бир адам өзүнүн кайсы этноско таандык экенин ээн-эркин, ачык көрсөтө алат деген жобо бар, бул укук эч кандай мыйзам, өкмөттүн токтому менен чектеле албайт деп жазылып турат.

Быйыл 23-майда “Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” уюму Бишкекте улуттук курултай өткөрүп, кыргызстандыктардын ID картасына улутун ачык жазуу талабын коюшкан жана өкмөткө бул чечимин жокко чыгаруусуна бир айлык мөөнөт беришкен.

28-июнда уюм Бишкекте жыйын куруп, ошол курултайда кабыл алынган чечимдер аткарылбай жатканына байланыштуу сотко кайрылмай болгон.

Быйыл 1-майдан тарта Кыргызстан биометрикалык паспортко өттү. Анда жарандын улуту картанын сыртына эмес, тиркелген чиптин ичине жазылат. (RK)

XS
SM
MD
LG