Кытай америкалык согуштук кемесинин Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аралдын акваториясына киргенин “олуттуу провокация” деп атады. USS Stethem деген эсминец Тритон аралына 12 миль же 19 жарым километр жакын сүзүп барганын АКШнын Коргоо министрлиги билдирди.
Парасель архипелагынын бир бөлүгү болгон аралды Кытай менен катар Тайвань жана Вьетнам талашып келатышат. АКШ расмий өкүлдөрү болсо “эркин навигация операциясынын” алкагында аралга жакындоо менен тигил же бул өлкөнүн дооматтарын колдобогонун көргөзгөнүн билдиришти. Эл аралык эрежелер боюнча 12 миль деген аралык аймактык чек болуп эсептелет.
Кытай Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лю Кан “АКШнын операциясы Кытайдын суверенитетин бузарын, тиешелүү суулардагы тынчтыкка, коопсуздукка жана тартипке шек келтирээрин, кытайлык аралдардагы адамдар менен объекттерди коркунчка кептээрин, бул – олуттуу саясий жана аскерий провокация болуп эсептелээрин” билдирди.
"Кытай улуттук суверенитетин жана коопсуздугун коргоо үчүн керектүү чараларды көрүүнү улантат", - деди Лю Кан.