Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

SIPRI: Ядролук курал азайса да модернизациялоо уланууда


Дүйнөдөгү ядролук куралдын саны кыскарууда, бирок андай арсеналы бар алдыңкы державалар куралды модернизациялоону активдүү улантууда. Стокгольмдогу тынчтыкты изилдөө эл аралык институту (SIPRI) 3-июлда чыгарган докладында ушу тапта дүйнөдө 14 935 атомдук дүрмөт бар экени айтылат. Жалпы арсеналдын 93 проценти Орусия менен АКШга туура келет. Калган куралга Франция, Британия, Кытай, Индия, Пакистан, Израиль жана Түндүк Корея ээлик кылышат.

Акыркы кездерде атомдук куралга тыюу салуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө прогресс болуп жатканы менен, ядролук державалар стратегиялык күчтөрүн заманбап кылуу боюнча узак мөөнөттүү программаларын ишке ашырууда, – дешет институттун эксперттери.

XS
SM
MD
LG