Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:54

Кара-Көл: Милицияга нааразылар химиялык экспертиза жыйынтыгын күтүүдө


Кара-Көлдө шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдына 30-июнь күнү нааразылык билдирип чогулган 100дөй адам химиялык экспертизанын жыйынтыгын күтмөй болушту.

Жергиликтүү тургундардын биринин билдирүүсүндө ал короосунда өстүргөн өсүмдүктү милиция маңзат деп текшерүүгө алып кеткен жана кылмыш иш козгогон. Буга нааразы болгон тургундар өткөн жума күнү шаардык милициянын алдына топтолуп, ал өсүмдүктү кооздук үчүн өстүрүшкөнүн жана маңзатка тиешеси бар экенин билбестигин айтышты.

Алар менен жолугушкан шаардык милиция башчысы Калык Айтбаев чогулган өсүмдүк химиялык экспертизага жөнөтүлгөнүн жана анын жыйынтыгы менен гана окуяга юридикалык баа берилерин айтты.

Аймактык милиция Кара-Көл шаарындагы төрт үйдүн короосунан баңги затка окшош гүл алынганын мурдараак маалымдаган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG