Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Иран Түркиянын дамба куруу пландарын сындады


Ирандын президенти Хасан Роухани Түркиянын Ефрат жана Тигр дарыяларында дамба куруу планын сындады. Тегеранда кум бороондор боюнча конференцияда Роухани бул долбоорлор бүтүндөй Жакынкы Чыгыш үчүн кооптуу деп, Анкара аларды токтотууга тийиш экенин айтты. Түркияны атабаганы менен президент "Сирия жана Иракка аккан эки ири дарыядагы тосмолор терс кесепеттерге алып келет, анын залкасы Иранга да тиет" деп айтты.

Түркиянын Ефрат менен Тигрдин башаттарын көзөмөлдөшү Жакынкы Чыгышта бир топ карама-каршылыктарга жем таштоодо. Сынчылар Анкаранын чечими Сирия менен Иракта суу тартыштыгына алып келди жана аймактагы бейстабилдүүлүккө, урушка салым кошууда дешет.

Сириядагы күрттөр жыл башында Түркия Ефраттагы сууну азайтуу менен саясий кысым жасоону көздөйт деп айыпташкан. Активисттер түркиялык Ылысу кыштагындагы дамба Ирактын түштүгүндөгү саздарды Ефраттан аккан суусуз калтырат деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG