Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

Франциянын түштүгүндөгү мечиттин жанында атышуу болду


Франциянын түштүгүндөгү мечиттин жанында ок атуудан сегиз киши жарадар болду. Жекшемби күнү кечки 10 жарымда Авиньон шаарында динзарлар мечиттен чыгып баратканда эки киши ок ачкан. Полиция бул окуяны теракт катары карабаганын маалымдады. Төрт киши мечиттин кире беришинде жараат алды, андан тышкары октун чачырандылары жанындагы турак үйгө тийип, төрт кишиден турган үй-бүлө жабыркады.

Маалыматтарга караганда, кол салгандар мечитке баргандарды атайлап бутага алышкан эмес.

"Кара түстөгү "Рено" машинасы келди. Ичинде төрт киши отуруптур. Артындагы экөө куралын көтөрүп чыгып, ок жаадыра баштады. 30 чакты жигит турган, алар качып жөнөштү. Мечитке жашырынууга аракеттеништи, ошол маалда намаз аяктап, адамдар чыгып бараткан учур болчу", - деп айтып берди күбөлөрдүн бири.

Бир нече жылдан бери ар кыл кол салуулардан жабыркаган Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон кала берүүдө жана чукул кырдаал улам узартылып келатат.

XS
SM
MD
LG