Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Улгайгандар үчүн “Жаш жүрөк” клубу ачылды


Бишкекте активисттер пенсия курагындагы жарандар үчүн “Жаш жүрөк” клубун ачышты. Уюштуруучулардын айтымында, максат - улгайган адамдардын бири-бири менен баарлашуусуна шарт түзүп берүү.

Долбоор алкагында бир нече иш-чара уюштурулат. Өткөн апта соңунда клубдун мүчөлөрүнүн алгачкы чогулушу болду. 50дөй адам Кыргызстанда тартылган тасмаларды чогуу олтуруп көрүштү.

Клубдун уюштуруучуларынын бири Салима Жетибаеванын белгилешинче, пенсия курагын жүрөккө жакын иш менен алектенүү, жаңыны үйрөнүү, кызыктуу адамдар менен таанышуу үчүн эң жакшы мезгил катары кабылдаган туура.

Келечекте активисттер бий, йога сеанстарын уюштуруп, психолог жана дарыгерлер менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатышат. (YrU)

XS
SM
MD
LG