Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:46

Жапонияда премьер-министр Синзо Абэнин Либерал-демократиялык партиясы Токионун мыйзам чыгаруу органына шайлоодо тарыхый утулушка кабылды. Аларга 127 орундун 23ү гана тийди. Токио префектурасынын губернатору Юрико Коикенин партиясы болсо 79 мандат алды. Либерал-демократтар буга чейин 57 орунга ээ болчу.

Баш калаадагы шайлоо адатта жалпы өлкөдөгү тенденциялардын көрсөткүчү катары каралып келет. 2009-жылы либерал-демократтар ал жакта болгону 38 орун жеңген, анын артынан жалпы парламенттик шайлоодо утулуп калган эле. Жапониянын мурдагы коргоо министри Юрико Коике былтыр Токионун алгачкы аял губернатору болуп шайланган.

Эми бул утулуштан кийин өкмөт башчы Абэнин айрым партиялаштары 2018-жылкы шайлоодо ага атаандаш чыгышы ыктымал. Бирок ал шайлоодо жеңсе, бийликте эң узак турган жапон лидери болуп калмакчы.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG