Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:00

Германиянын транспорт министри Александр Добриндт Баварияда кырсыкка учураган автобуста 11 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Дайынсыз болуп жаткан 7 кишинин калдыктарын издөө уланууда.

Министр өрт катуу болгондуктан, автобустун болоттон жасалган бөлүкчөлөрү гана калганын, адамдар андайда эмне болгонун элестетүү да кыйын экенин айтты. Туристтерди ташыган автобус бүгүн эртең менен кан жолдо жүк ташыган машина менен кагылышып, өрттөнүп кеткен. Анда 46 жүргүнчү жана эки айдоочу бар болчу. 30 киши аман калганы, бирок катуу жаракат алганы кабарланууда. Германиянын канцлери Ангела Меркель кырсыкка байланыштуу терең кайгыруусун билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG