Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:54

Сирия өкмөтү түштүк аймактарда ок атышпоо жарыялады


Сирия армиясы “жарашуу аракетин” колдоо үчүн өлкө чыгышында бир тараптуу түрдө ок атышпоо жарыялады. Бул тууралуу 3-июлда мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты. Билдирүүдө атышууну токтотуу Дараа, Кунейтра жана Свейда аймактарына тиешелүү экени айтылат. Бирок “Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы операциялар улана берет.

Шейшембиде Астанада Түркия, Орусия жана Ирандын арачылыгы менен өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталууда.

Орусия, АКШ жана Түркия Сирияда "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы күрөшүп келатышат. Бирок Москва жана Тегеран президент Башар Асадды колдошот. Вашингтон менен Анкара болсо Асадды кулатууну көздөгөн түрдүү козголоңчу топтордун тарабында болуп келатышат.

XS
SM
MD
LG