Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Бишкекте коомдук транспорттун техникалык абалы текшерилет


Бишкек шаардык мэриясынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бүгүнкү рейд маалында коомдук транспорттун техникалык абалынан тышкары айдоочулардын жол эрежесин сакташы, жүргүнчүлөрдү ташуудагы жоболордун аткарылышына басым жасалат.

Техникалык абалы, жүргүнчүлөргө түзүлгөн шарттар жана тийиштүү документтери талапка жооп бербегендерди каттамдан алуу маселеси каралат.

Рейдди шаар башкармалыгы Патрулдук милиция менен бирге уюштурууда.

Башкалаада соңку учурда маршруттук кичи автобустар катышкан кырсыктар көп катталып жатат. Коомчулукта алардын айдоочулары ылдамдык эрежелерин сактабай, жүргүнчүлөрдү ашыкча салат деген нааразылыктар көп. Патрулдук милиция да жол тыгындар менен кырсыктарга негизинен кичи автобустар себепчи экенин маалымдаган.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, ушу тапта 3 миңге чукул маршруттук кичи автобус 119 каттамда иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG