Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Үгүт өнөктүгүн чагылдыра турган ЖМКны каттоо мөөнөтү аяктайт


Бүгүн президенттик шайлоодо үгүт иштерин чагылдырууну көздөгөн маалымат каражаттарынан документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктай турганын БШК билдирди.

Маалыматка караганда, 2-июлга карата кыргызстандык 61 жалпыга маалымдоо каражаты катталды. Алардын 14ү телеканал, жетөө радио, 21и гезит-журнал, 19у интернет басылмалар.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Саясий жарышта талапкерлигин коюуну көздөгөндөрдөн документтерди кабыл алуу 15-июндан тарта жүрүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG