Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Түндүк Корея учурган ракета Жапониянын экономикалык аймагына кулады


Бул тууралуу жапониялык NHK телеканалы армиядагы булактарга шилтеме берип билдирди. Маалыматка караганда, ракета 40 мүнөт учуп, Жапон деңизине кулаган. Анын Түндүк Кореянын Пхёнан-Пукто провинциясынан кое берилгени айтылды. Ракетанын учурулганын Түштүк Кореянын Башкы штабы да ырастады. Жапониянын коопсуздук күчтөрү деңиздеги кемелерге баллистикалык ракета кулашы мүмкүндүгүн алдын ала эскерткен.

Пхеньян марттын башында төрт жолу баллистикалык ракета сынап, муну Жапониядагы америкалык базаларга сокку уруу боюнча машыгуу деп атаган.

Түндүк Корея соңку мезгилде маал-маалы менен Жапонияга чабуул жасай ала турган баллистикалык ракетасын сынап келет. Алардын бир нечеси өлкөнүн экономикалык аймагына жакын жерге түшкөн. Эң жакыны 9-мартта жапон жээгинен 200 чакырым алыс жерге кулаган эле.

XS
SM
MD
LG