АКШнын Бостон шаарында автоунаа айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, он адам жабыркады. Окуя шаардагы Логан аэропорту жайгашкан райондо 3-июлда болгон. Такси аялдамасында турган жөө жүргүнчүлөрдун айрымдары жеңил, айрымдары катуу жаракат алышкан.
Бийлик окуянын чоо-жайын иликтеп, тергөөчүлөр 56 жаштагы таксичини суракка алышкан. Полиция алдын ала тергөө маалыматы менен бөлүшүп, бул таксичинин кишилерди атайлап сүзүү ниети болбогондугун, тек гана өз унаасын башкара албай калганын кабарлады.
Буга чейин Европанын бир нече мамлекетинде террорчулар автоунааларды колдонуу менен атайылап котологон кишилерди тебелетип кеткен учурлары катталган. Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ Ницца, Берлин жана Лондондогу бир нече кишинин өмүрүн алган мындай чабуулдарга жоопкерчиликти өз мойнуна алган.