Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Ташкенттен Ысык-Көлдүн Тамчы аба майданына түз аба каттамы ачылды


Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды. Бүгүн ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун аймагындагы Тамчы айылында жайгашкан "Ысык-Көл" аба майданына келип конду.

Diplomatic VIP and Travel Service компаниясы мурда маалымдагандай, "Өзбекстан аба жолдору" компаниясы ар шейшемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат.

Учуу убактысы – бир саат 20 мүнөт. Бул рейстер жайкы туристтик сезон маалында - август айынын аягына чейин аткарылып турат. Көл аймагынын туристтик чарбалары бул кабарды жылуу тосуп алышты.

Жаңы каттамдын ачылышы Өзбекстандагы жаңы президенттин шайланышынан кийинки Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелеринин чыңдала башташынын дагы бир ишаарасы катары кабыл алынууда.

2003-жылы 9-августта ачылган Тамчы эл аралык аба майданы буга чейин да бир катар эл аралык аба каттамдарын кабыл алып келген.

Ысык-Көл аймагына туристтер негизинен автоунаа жана поюз менен келишүүдө. (AB/RK)

XS
SM
MD
LG