Сириядагы куралчан оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышарын ырастады. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, 4-5-июлга белгиленген сүйлөшүүлөр Орусия, Түркия жана Иран, Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 3-июлда Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы натыйжалуу болот деген үмүтүн айтып, өлкө жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтча түзүп берүүнү улантууга даяр экенин жарыялаган.
Казакстан Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөргө АКШ мамлекеттик катчысынын өкүлү Стюарт Жонс менен БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура да келиши мүмкүн.
Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөр Түркия, Орусия жана Ирандын арачылыгы менен өтмөкчү.
Орусия, АКШ жана Түркия Сирияда "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы күрөшүп келет. Бирок Москва жана Тегеран Сирия президенти Башар Асадды колдойт. Вашингтон менен Анкара Асадды кулатууну көздөгөн түрдүү козголоңчу топтордун таламын талашууда.