Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

АКШ элчиси Шейла Гуолтнинин Кыргызстандагы миссиясы аяктоодо


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнинин кызмат мөөнөтү аяктоодо. Бул тууралуу ал өзү кечээ Бишкекте АКШнын эгемендигинин 241 жылдыгына арналган салтанат маалында билдирди.

"Ɵз ѳлкѳм үчүн, кѳпчүлүгү чет мамлекетте ѳткөрүп келген 33 жылдык кызматтан кийин мен ѳз үй-бүлѳмѳ, ѳз жерим Калифорния штатына кайтууну чечтим. Кыргыз Республикасында АКШ элчиси катары, Америка Кошмо Штаттарынын президентинин толук ыйгарымдуу өкүлү болуп келгеним мен үчүн болуп көрбөгөндөй сыймык. Үй-бүлѳ сүйүүсү кыргыз эли жана америкалыктар үчүн ѳтѳ улуу бир баалуулук, андыктан, үйүмѳ эмне үчүн кайтып жатканымды түшүнѳѳрүңѳрдү билип турам", - деди Гуолтни.

Ал ошондой эле: "Бир нече аптадан кийин Кыргыз Республикасынан кетсем да, кыргыз элинин эбегейсиз зор меймандостугу, жылуулугу ар дайым эсимде калат", - деди.

Шейла Гуолтни (Sheila Gwaltney) айым Кыргызстанга элчи болуп 2015-жылдын август айында дайындалган. Анын талапкерлигин мурдагы президент Барак Обама сунуштап, АКШ Сенаты бекиткен. 1999-2001-жылдары да ал Бишкектеги АКШ элчилигинде иштеп кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG