Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Таласта сууга агып каза тапкандар саны бир жылда эки эсе көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Таласта сууга чөгүп каза тапкандар былтыркыдан эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2016-жылдын алты айында сууга агып мерт кеткендер боюнча 6 факт катталган болсо, быйылкы жылдын жарым жылдыгында эле 13 киши сууга агып каза тапты.

Облустук милициянын басма сөз кызматкери Динара Сарногоева:

- Негизги себептери сууга түшөбүз же өтөбүз деп эле агып кетип жатышат. Бүгүнкү күндө Талас облустук милициясынын коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмдөрү ушундай кырсыктарды алдын алуу максатында элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, - деди.

Адам өлүмүнө алып келген окуялар негизинен Таластын Беш-Таш суусу менен Талас дарыясында катталууда. (AlS)

XS
SM
MD
LG