Таласта бүгүн жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облустук башкармалыгынан кабарлашты.
Окуя бүгүн эртең менен Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда болду. Кырсыкка кабылгандардын үчөө тең 26 жаштагы жергиликтүү тургундар.
Адистердин алдын ала айтымында, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан машина аласалып кетип, жол четиндеги түркүккө урунган. (AlS)