Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:00

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн Башкы прокуратуранын "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтерине карата доо арызын канааттандырды.

Көзөмөл орган юристтер Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиздин быйыл 1-мартта Бишкекте маалымат жыйында Дача СУ айылында кулаган учак боюнча айткандары президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет деген доо арыз менен сотко кайрылган.

Юрист Канатбек Азиз бул чечимге каршы экенин айтууда:

- Биз сотко ишенбөөчүлүк, лингвистикалык экспертиза жана башка өтүнүчтөрдү келтиргенбиз. Анын баарын сот четке какты. Биз чечимге макул эмеспиз.

Башкы прокуратура айып негиздүү экенин айтып, Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизден моралдык зыян үчүн 10 миллион сом талап кылган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG