Германия ички иштер министри Томас де Мезьер "Чоң жыйырманын" саммити учурунда сегиз миңдей киши нааразылык акциясына чыгары күтүлүп жатканын билдирди.
Мезьер коопсуздукту сактоо үчүн 7-8-июлда Гамбургда 20 миң полиция иштерин да айтты. Ал ошондой күтүлгөн митингди антикапиталисттик деп атап, кокус ал башаламандыкка айланып кетсе полиция басууга даяр турарын кошумчалады.
Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн алдыңкы 20 өлкөнүн лидерлери быйыл Германияда жыйын курушат.