Президент Алмазбек Атамбаев 4-июлда "Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалды. Аталган аймактардагы жергиликтүү кеңештердин депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоодо.
28-майда Кыргызстанда сегиз шаардык жана 33 айылдык кеңешке кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. (NT)