Ош облусунун Чоң-Алай районунда 3-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.
Райондун Кызыл-Эшме айылында кокту-колоттордон агып түшкөн сел ички чарбалык каналга кошулуп ташып, эки турак жайды жана бир үйдүн короосун каптады.
Теңизбай жайлоосуна барган жолдун төрт чакырымы селден кийин калдыктарга толуп калды. Азыр тазалоо иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Киши өмүрүнө зыян келтирилген жок.