Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

"Тазалыктын" жумушчуларына ыраазылык билдирген акция уланууда


"Тазалык" ишканасынын жумушчулары.
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары.

Интернеттеги Фейсбук социалдык тармагында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгегин баалоо тууралуу акция 3-июлдан бери жүрүп жатат.

"Эмгек үчүн рахмат" деген акцияны аталган мекеме уюштурган жана анын Фейсбуктагы расмий баракчасына интернет колдонуучулар короо шыпыргыч, жүк ташыгыч, таштанды тазалоочу жана көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери менен алектенген жумушчулардын эмгегине жылуу пикирлерин жазып жатышат. Аларга жетиштүү эмгек акы төлөнүшү керек дегендер да бар.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкек мэриясына карайт. Ага шаарды тазалоо, жолбун ит-мышыктарды жок кылуу, таштанды чыгаруу милдети жүктөлгөн. Ишканада 1200дөн ашык киши иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG