Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:00

Орусия, Иран, Түркия жана АКШнын дипломаттары Казакстандын борборунда Сирия өкмөтү жана кээ бир оппозициячыл топтордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасын улантып жатат.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, сүйлөшүүлөрдүн бүгүнкү экинчи күнүнө Сириянын куралдуу оппозициясынын айрым делегаттары, анын ичинде “Түндүк жана Түштүк майдандын” өкүлдөрү катышууда.

Бирок Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов кошумчалагандай, Сирия оппозициясынын тогуз адамдан турган делегациясында куралдуу оппозициянын лидери, мурдагы айлампаларда оппозиция делегациясын баштап келген Мохаммед Алуш жок.

Абдрахманов делегация башчысын аныктоо сириялык оппозициянын “ички иши” деп белгиледи.

Орусиянын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Александр Лавреньтевдин айтымында, ал бүгүн сириялык оппозиция делегациясы менен жолугуп, “макулдашууга жетүү, чыңалууну басаңдатуу” жолдору боюнча алардын ойлорун укканы жатат.

Казак борборундагы жыйынга БУУнун Сириядагы атайын чабарманы Стеффан де Мистура да катышууда.

Астана сүйлөшүүлөрүнө Орусия, Иран, Түркия демөөрчүлүк кылат. Мындан сырткары Женевада БУУ демөөрчүлүк кылган сүйлөшүү өтүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG