Немис расмий өкүлдөрү мындай эскертүүнү өлкөдө исламчыл согушкерлердин саны өскөнүнө байланыштуу жасады.
Германиянын ички чалгын агенттигинин директору Ханс Жорж Маасендин 4-июлда билдиргенине караганда, былтыр декабрдагы кол салуудан бери дагы жети кол салуу ишке ашкан жок же алдын алынды.
“Биз жеке адамдардын же террордук топтордон мындан аркы кол салуулар болорун күтүшүбүз керек”,- деди Маасен.
Германиянын ички чалгын агенттигинин 2016-жыл үчүн жылдык баяндамасында Германияда “24 миңдей исламчы бардыгы, алардын 9700дөйү салафилер” экени көргөзүлгөн.
Баяндамада ошондой эле өлкөгө бир миллиондой мигранттын арасында “жүздөгөн жихадчылар” да келгени айтылат.
Немис коопсуздук кызматтарынын эсебинде, Сирия менен Иракка “Ислам мамлекети” тобунун катарына 930тай германиялык барган, алардын 20% аялдар. Булардын ичинен 145и согушта мерт болгон. (UE)