Бүгүнтөн тарта Орусиядан Ысык-Көлгө алгачкы туруктуу түз аба каттамы ачылды. Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортуна Новосибирск шаарынан жүргүнчү ташыган учак келип конду.
"Сибирь" авиакомпаниясынын "Эмбраер170" учагы 78 жүргүнчүнү көл жээгине алып келди.
Новосибирск-Ысык-Көл-Новосибирск каттамы регулярдуу тартипте аптасына бир жолу шаршемби сайын иштеп турмай болду.
Кечээ Өзбекстандын борбору Ташкенттен Тамчыга жайкы каттам ачылган. Эки жылдан бери Казакстандын Алматы шаарынан жүргүнчүлөр Ысык-Көлгө учак менен түз жетип алууда. (RK)