Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:31

Москва районуна караштуу Александровка айыл өкмөт башчысын шайлоо болбой калды. Буга айылдык кеңеште кворумдун жоктугу себеп болду. Кворумдун болбой калышына өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан эки талапкердин бири Искендер Өскөнбаев атаандашын күнөөлөп, улуттук кызыкчылыкка байлап жатат:

-Атайын келишкен жок. 12 киши күттүк. Анын өзүнүн кишилери келген жок.

Экинчи талапкер Ибрагим Баги мындай шектенүүгө негиз жок, келбей калган депутаттардын ар киминин өз жүйөөлөрү бар деп билдирди:

- Андай болгон жок. Балким бирөөлөр ошондой деп ойлогусу бардыр. Андай эмес.

Маалыматтарга караганда жергиликтүү эки талапкердин бири Ибрагим Баги жарым жылдан бери айыл өкмөтүн башкарат, Искендер Өскөнбаев Бишкекке барып-келип иштейт.

Александровка айылында 17 миңден ашуун адам жашайт. Калкынын 90% дунган, 7% кыргыз улутундагылар түзөт.

28-майда бул айылда жергиликтүү кеңеш жаңы шайланган. Мыйзам боюнча жаңы курам айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоого милдеттүү. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG