Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Дональд Трамптын Европага сапары башталууда


АКШ президенти Еропадагы сапары учурунда эртең Польшада Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнүн саммитине, анда кийин 7-8-июлда Гамбургда "Чоң жыйырманын" саммитине катышат.

7-июлда Гамбургда Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин биринчи көзмө-көз сүйлөшүүсү өтөрү да күтүлүүдө.

Польша борборунда АКШ президенти да чакырылган жыйын “Үч деңиздин” саммити деп аталды.

Аймактын энергия инфраструктурасын, анын ичинде суюлтулган газ импорттолуучу терминалдарды, газ түтүктөрүн кеңейтүү демилгелери менен пландары талкуулануучу жыйынга Чыгыш жана Борбордук Европанын Балтика, Адриатика, Кара деңиз боюндагы өлкөлөрү чогулууда.

Ак үй билдиргендей, президент Дональд Трамп европалык өнөктөштөрдү алдыда АКШда өндүрүлгөн газды сатып алууга мына ушул жыйында үндөп, администрация америкалык компаниялар суюлтулган көгүлтүр отту Борбордук жана Чыгыш Европага жеткирүүсүн жеңилдетүү үчүн мүмкүн болгон аракетти көрөрүн айтканы турат.

Ондогон жылдар бою өлкөдө өндүрүлгөн энергия булактарын өзү толук колдонуп келген соң АКШ эми 2020-жылы дүйнөнүн үчүнчү ири газ экспортчусуна айланары күтүлүүдө.

АКШнын газ экспорттоо боюнча биринчи терминалын ачкан Cheniere Energy Inc компаниясынын суюлтулган көгүлтүр от жүктөгөн алгачкы танкери Польшага өткөн айда келген. (UE)

XS
SM
MD
LG