Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:42

“Адам укугу” деп аталган саясий партиянын алгачкы курултайы бүгүн Бишкекте өтөт. Партиянын жетекчиси, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) төрагасы Турсунбек Акундун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, курултайда алдыдагы президенттик шайлоого талапкер көрсөтүлөт. Азырынча бул саясий бирикме президенттикке кимди аттандырууну көздөп жатканы белгисиз.

Акундун маалыматына караганда, КДКнын колдоосунда 1990-жылы негизделген Кыргызстан укук коргоо кыймылы 2015-жылдын 21-январында “Адам укугу” саясий партиясы болуп өзгөргөн.

Ушу тапта 15-октябрда өтчү президенттик жарышка аттануу ниети менен Боршайкомго документ тапшыргандардын саны ондон ашты. Эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидиновдун арыздары кабыл алынган.

Булардын ичинен Төрөбаев менен Сариевден башкасы өзүн өзү көрсөтүшкөн. Мындан тышкары камактагы депутат Садыр Жапаровдун атынан аны президенттикке талапкер кылып каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берилген. Бирок Жапаров боюнча Боршайком расмий маалымдай элек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG