Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Орусия, Түркия, Иран Сирия боюнча жыйынтык макулдашууга жете алган жок


Сирия оппозициясынын Астана сүйлөшүүлөрүнө келген делегациясы. Астана, 5-июль, 2017-жыл.
Сирия оппозициясынын Астана сүйлөшүүлөрүнө келген делегациясы. Астана, 5-июль, 2017-жыл.

Бул үч өлкөнүн дипломаттары Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасында Сириядагы де-эскалация зоналарынын чоо-жайын толук макулдаша алган жок.

Орусиянын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Александр Лаврентьевдин билдиргенине караганда, тараптар тикелей де-эскалация зоналарын түзүүгө азырынча жетише алган жок, бирок негизги эреже макулдашылды. Андай зоналар кайсыл аймактарды камтый турганы, аларды кайсыл күчтөр көзөмөлдөрү дагы такталышы керек.

Орус дипломаты белгилегендей, Түркия тарап ошол де-эскалация зоналарын көзөмөлдөөгө катышуусуна байланышкан маселелерди чечүү үчүн кошумча убакыт сурады. Лавреньтев ошондой эле Орусия КМШ өлкөлөрүнүн бир нечесине Сириядагы де-эскалация зоналарына аскерий байкоочуларды жөнөтүүнү өтүнүп, кайрылганын да маалымдады.

Мунун алдына Сириянын куралдуу оппозициясынын Астана сүйлөшүүлөрүнө келген өкүлдөрүнүн бири мындай зоналарды Ирандын аскерий өкүлдөрү көзөмөлдөшүнө каршы алар толук каршы экенин билдирип, муну Иран жарандык согушта президент Башар Асад тарапта болуп келе жатканы менен түшүндүрдү.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдиргендей, Орусия, Түркия жана Иран де-эскалация зоналары боюнча калган маселелерди талкуулоо үчүн 1-2-августта жолугушууну макулдашты. Ал эми Астана сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы августтун соңуна мерчемделүүдө.

Казак борборундагы жыйынга БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура да катышты.

Астана сүйлөшүүлөрүнө Орусия, Иран, Түркия демөөрчүлүк кылат. Мындан сырткары Женевада БУУ демөөрчүлүк кылган өзүнчө сүйлөшүү да өтүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG