Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

АКШнын мамлекеттик катчысы Украинага барат


Украин президент Петро Порошенко өткөн айда эле АКШга барып, президент Дональд Трамп, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен да жолуккан. Вашингтон, 20-июнь, 2017-жыл.
Украин президент Петро Порошенко өткөн айда эле АКШга барып, президент Дональд Трамп, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен да жолуккан. Вашингтон, 20-июнь, 2017-жыл.

Рекс Тиллерсон Украинага алгачкы расмий сапар менен 9-июлда барарын бүгүн Мамлекеттик департамент ырастады.

Маалыматка караганда, ал Киевде президент Петро Порошенко баштаган бийлик башчыларынан тышкары “өкмөттөгү жаш реформачылар жана жарандык коом өкүлдөрү” менен да жолугат.

Украин президентинин кеңсеси билдиргендей, Порошенко менен Тиллерсон эки тараптуу карым-катышты чыңдоо жолдорун жана Орусиянын Украинадагы чараларына каршы аракеттерди алдыда координациялоо маселесин талкуулашат.

Тиллерсондун Киевге сапары АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин 7-июлда Гамбургда "Чоң жыйырманын" саммити учурунда белгиленген эки тараптуу сүйлөшүүсүнөн кийинки мезгилге туш келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG